Трамп Париждеги Олимпиаданын ачылыш аземин "уят" деп атады
АКШ президенттигине Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп Fox News телеканалынын журналисттери менен болгон маегинде Париждеги Олимпиада оюндарынын чуулгандуу ачылыш аземи тууралуу пикирин билдирди.
Саясатчынын айтымында, Франциянын бул аракети "уят".
"Менимче, бул чыныгы уят. Бул көрүнүштөр коркунучтуу болду. Сиз мени билесиз, мен ачык адаммын, бирок алардын кылганы уят болду", - деди Трамп.
Экс-президент ошондой эле эгер ал шайланып, Олимпиада 2028-жылы Лос-Анжелесте өтсө мындай уятсыз көрүнүштөр болбой турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.