super.kg logo

Окумуштуулар аптап Африка менен Азиянын бир бөлүгүн жашоого жараксыз абалга жеткириши мүмкүндүгүн айтты

 

Америкалык Пердью университетинин илимпоздору планетанын кээ бир аймактары келечекте глобалдык аптаптан улам жашоо үчүн кооптуу болуп калышы мүмкүн экендигин билдирди. Адистер Батыш Африка менен Түштүк Азияны кооптуу аймактардын катарына кошууда. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, окумуштуулар климаттын өзгөрүшү боюнча жүргүзгөн изилдөөсүнөн улам ушундай пикирге келишкен. Алардын айтымында, жылуулук толкундарынын таасирине дуушар болушу мүмкүн болгон аймактарга калктын жыштыгы өтө жогору жана кондиционерге жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген аймактар ​​кирет.

“АКШнын кээ бир аймактарына да бул жагдай өз таасирин тийгизет. Азыркы апатаптуу күндөр келечекте салкын болуп калышы мүмкүн. Анткени климаттын өзгөрүшү менен ысык мындан ары күчөйт деген ыктымал бар”, - деп билдирген маалыматта.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө жылына 489 миңге жакын адам абанын температурасынын жогорулашынан каза болот. Аптаптан каза болгондордун чыныгы саны мындан да жогору болушу мүмкүн. Анткени мындай аба ырайында каза болгондордун расмий себеби инфаркт же инсульт деп айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: