super.kg logo

Өзбекстанда даракты кыйган 3 жаран абакка кесилди

 

Өзбекстанда талаанын четинде өскөн карагайларды кыйып сатып жиберген дыйкан жана анын эки шериги эки жылга эркинен ажыратылды. Мамлекетке келтирилген зыян 1,5 миллиард сумду (120 АКШ доллары) түзгөн. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Сырдарыя районунун экология бөлүмү М.А. шериктери менен 2023-жылдын декабрынан 2024-жылдын январына чейин эгин талаасынын четинде өскөн 21 түп карагайды мыйзамсыз кыйып, сатып жибергендигин аныктаган.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин “Токойлорду, бак-дарактарды же башка өсүмдүктөрдү мыйзамсыз кыюу, ири зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Сайхунабад райондук соту кылмышка шектелгендерден келтирилген зыянды өндүрүү чечимин чыгарып, ар бирин 2 жылдан эркинен ажыратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: