Байсалов бийлик жумуш берүүчүлөр жакын арада айлыкты көтөрөт деп күтүп жатканын айтты

Ал өз сөзүндө президент Садыр Жапаров "Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгонун эске салды.
Кабыл алынган мыйзам биринчи кезекте иш берүүчүлөр үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жүгүн кыскартууга багытталган. Иш берүүчү мурда 17,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүн өз каражатынан төлөсө, эми 2,25 пайыз төлөйт. Мындан сырткары кызматкер өзү дагы 10 пайыз төлөйт (бул ставка өзгөртүүсүз калтырылды).
"Жеке сектордун көпчүлүк бөлүгү үчүн Социалдык фондго төлөмдөр 15 пайызга кыскарганын эске салгым келет. Бул кичи жана орто бизнестеги ак ниет иш берүүчүлөргө жакынкы келечекте кызматкерлер үчүн эмгек акыны 10 пайыздан кем эмес жогорулатууга мүмкүндүк берет деп күтөбүз", - деди Байсалов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

