super.kg logo
  Саясат  

Элчи Аида Исмаилова Корея ТИМинин өкүлү Пак Чон Хан менен жолугушту

 

Кореядагы Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Корея ТИМинин Өнүктүрүү максатында кызматташуу боюнча бюросунун башкы директору Пак Чон Хан менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда ТИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандын Корея менен өнүктүрүүнүн расмий жардам линиясы боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү кызматташтыгынын учурдагы актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анда Аида Исмаилова Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA), Кореянын экономикалык өнүгүү кызматташтык фондунун (EDCF) багыты боюнча өз ара аракетин жогору баалап, долбоорлорду илгерилетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Ага байланыштуу Пак Чон Хан эки тараптуу мамилелерди активдештирүү боюнча бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: