Бишкекте төкмө акындардын эл аралык айтышы өтөт
31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы өтөт. Бул тууралуу улуттук "Манас" театрынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, айтыштын тандоо туру 12-августта саат 10:00дө улуттук “Манас” театрында башталат.
Тандоо турунда жана айтышта акындарга коюлуучу негизги талаптар:
- төкмөлүк кудурети (сөз байлыгы, чечендиги, шайырлыгы, ырынын көркөмдүгү, нарктуулугу);
- үнүнүн кооздугу, комузду черте билүүсү (канааттандыраарлык, жакшы, мыкты);
- сахна маданияты (кийим үлгүсүнүн өзгөчөлүгү, жарашыктуулугу, өзүн алып жүрүүсү, ички маданияты).
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. 1-айлампасы упайлык негизде, жарым финалы жана финалдык бөлүгү олимпиадалык негизде өтөт. Акындардын жубу чүчүкулак аркылуу чечилет. Акындардын упайлары тең болуп калган учурда, жашы улуусуна жол берилет.
Байге фонду 3 миллион сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.