super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасынын канча пайызы такталып бүткөнү айтылды

 

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 94 пайызын макулдашты. Бул тууралуу кечээ, 29-июлда Тажикстандын Жер башкаруу жана геодезия боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ориф Хожазода маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чек аранын талаштуу тилкелери боюнча маселени чечүү үчүн сүйлөшүүлөр уланып жатат.

"Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топтору быйылкы жылдын алты айында 12 жолу жолугушуп, чек ара маселеси боюнча бир топ жетишкендиктерге жетти. Бул аралыкта 82,3 чакырым тилке такталды. Калган тилкелер боюнча өз ара натыйжалуу чечим кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Эки тарап тең маселени консенсус жолу менен чечүүгө аракет кылууда", - деп белгиледи расмий өкүл.

Ошондой эле ал коопсуздукту камсыз кылуу жана чек араны тактоо иштерин ийгиликтүү аяктоо максатында сүйлөшүүлөр жөнүндө маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: