Ысык-Көлдүн жээгиндеги парашюттардын ишине тыюу салынды
Ысык-Көлдө көл жээгинде парашют аттракционунун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова маек учурунда билдирди.
Анын айтымында, чечим эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Мындан тышкары суу транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан демилгеленип, бүгүнкү күндө министрликтин сунушун эске алуу менен администрацияда каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.