super.kg logo

Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президенти менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ирандын жаңы шайланган президент Масуд Пезешкиан менен жолугушту. Бул жөнүндө бүгүн, 30-июлда өкмөттөн маалымдашты.

Анда Төрөбаев Пезешкиандын кызматына расмий киришкендигине байланыштуу президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан саламын жана куттуктоо сөздөрүн жолдоп, иран элинин жыргалчылыгы үчүн бул маанилүү жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

"Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан Иран менен достук мамилеге өзгөчө маани берерин, бул эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан иран тараптын жүргүзүлүп жаткан саясий диалогду улантууга, ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын прогрессивдүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын белгиледи" деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине президент Садыр Жапаровдун атынан Бакыт Төрөбаев кыргыз делегациясынын башчысы катары катышты.

Ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеран шаарына бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Орусиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: