Париж-2024: Бүгүн Олимпиадада кыргызстандык эки спортчу күчүн сынайт
Париждеги Олимп оюндарынын бешинчи мелдеш күнүндө Кыргызстандын эки спортчусу беттешет.
Бүгүн Азия оюндарынын жана дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Эрлан Шеров жана бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулу мелдешке чыгат.
Дзюдо боюнча Эрлан Шеров атаандашы Силва Моралес (Куба) менен саат 14:00дө 90 килограммга чейин (1/32 финал) чыгат.
Ал эми Мунарбек Сейитбек уулу атаандашы Хорта Родригес менен 1-августка караган түнү саат 02:00 57 килограммга чейин (1/8 финал) чыгат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.