super.kg logo

Эмгек министрлиги Орусиядагы мигранттардын укуктарын кантип коргойт?

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Орусиянын автономдуу коммерциялык эмес уюму «Эмгек талаш-тартыштарын чечүү жана мигрант жарандардын социалдык жана эмгектик адаптациясына көмөктөшүү боюнча укуктук колдоо жана медиация борбору» кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга онлайн режиминде кол коюшту. Бул туурасында кечээ, 30-июлда мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, меморандум ишке орноштуруу, миграция, эмгек талаш-тартыштарын чечүүдө укуктук колдоо жана медиация, социалдык-эмгектик адаптациялоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Ошондой эле жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндө өнөктөштүк мамилелерди түзүүнү жана узак мөөнөттүү, натыйжалуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт.

Министрликтин атынан меморандумга министрдин орун басары Бакыт Дарманкул уулу кол коюп, мигранттардын уктарын коргоодо чоң мүмкүнчүлүктөр жарала тургандыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: