super.kg logo

Милиция “Кыргызнефтегаздын” айланасындагы окуяларга байланыштуу билдирүү таратты (видео)

 

“Кыргызнефтегаз” инвестиция салууга чакырат деген маалымат жалган. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Талас облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда интернет айдыңында “Кыргызнефтегаз” ААКсынын атын жамынган белгисиз тараптар фейк аккаунттар менен жалган маалыматтарды таратууда. Өлкө башчысынын, белгилүү адамдардын, "Кыргызнефтегаздын" жетекчисинин эски видеолорун бурмалап, сөздөрүн дал келтирип монтаж кылып социалдык тармактар аркылуу жайылтууда.

Анда төмөнкүдөй жеңил акча табуу чакырыктары камтылган:

- “Кыргызнефтегаз” микро инвестициялардан акча табуу мүмкүнчүлүгүн ачты.

- 15 миң сомго акция сатып алып, 40 миң сомдон дивиденд ал.

- Орточо киреше 62 миң сом жана ар дайым көбөйүп турат.

- Салган инвестицияңа жараша ай сайын акча төлөө.

Булардын бардыгы жалган!

"“Кыргызнефтегаз” ААКсы жарандарды инвестиция салууга чакырбайт. Расмий маалыматтар kng.kg сайтына гана чыгарылат. Шылуундардын торуна түшүп, аларга акча каражаттарын салбаңыздар. Оңой акча табуу азгырыгына алданбай, өз каражатыңызга сак болуңуз", - деп айтылат билдирүүдө.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: