Париж-2024: Медалдардын саны боюнча Азиянын дагы 2 өлкөсү Францияны басып өттү (тизме)
Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында Япония, Кытай жана Австралия курамалары алдыңкы үчтүккө чыкты.
Бүгүн, 31-июль Бишкек убактысы боюнча саат 10:30га карата Япония 7 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Кытай 6 алтын, 6 күмүш, 2 коло медалы менен жайгашса, Австралия 6 алтын, 4 күмүш жана 1 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Кечээ медалдардын саны боюнча Япония 1, Франция 2 жана Кытай үчүнчү орунда болчу.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.