super.kg logo

Өлкөдө акыркы жарым жылда 518 этникалык кыргыз кайрылман статусун алды

 

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алардын 65 миңи Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Быйылкы жылдын биринчи жарымында Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусия, Түркия, Ооганстан жана башка өлкөлөрдөн келген 518 этникалык кыргыздар кайрылман макамын алышты.

“Кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздар жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга, ден соолугун бекемдөөгө, билим алууга, ишке орношууга укутуу. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары менен бирдей негизде Жер кодексине ылайык айыл чарба жерлерин кыска мөөнөттүү пайдаланууга ала алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кайрылман макамын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык коргоо министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссия берет. Өтүнүчтү кароонун мөөнөтү 2 айды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: