super.kg logo
  Саясат  

“Беш-Сары” соода борборунун кожоюну Камчыбек Жолдошбаев 4-кабатка чыгып алып мыйзамсыз соода кылгандарды таш менен урган

 

“Беш-Сары” соода борборунун кожоюну Камчыбек Жолдошбаев 4-кабатка чыгып алып мыйзамсыз соода кылгандарды таш менен урган. Бул туурасында бүгүн, 25-декабрда "Ош базарынын" айланасындагы соодагерлер журналисттер менен болгон жолугушуусунда билдиришкен.  

Алардын айтымында, Жолдошбаев мындай жол менен аларды кубалоонун аракетинде. Ленин районунун акимиаты Жаңы жылды утурлай "Ош базарынын" айланасындагы көчөлөрдө соода кылууга уруксат берген.      

Бул туурасында Камчыбек Жолдошбаевге байланышка чыкканыбызда ал жогорудагыларды төгүндөдү.

“Алар жөн эле бир нерсе чыгарып жатышат. Мен ал жакта иштебесем, кантип аларды таш менен урайын. Ал биздин иш эмес да. Алардын "Ош базарынын" айланасына отурганга кандай акысы бар?”- деп жооп берди Жолдошбаев.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: