Кыргызстандан АКШга түз аба каттамын ачуу пландалууда
Кыргызстандан АКШга түз аба каттамын ачуу пландалууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун директору Манасбек Самидинов 31-июлда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта АКШнын Кыргызстандагы элчиси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
"Кыргызстандын авикомпаниялары Европа биримдигинин кара тизмесинде, биз америкалык авиакомпанияларды бул каттам боюнча кызмат көрсөтүп берүүсүн айттык. Алар аэропорттун иши менен танышууга жыл аягына чейин келмей болушту. Аудиттен өтөбүз деген үмүттөбүз. Түз каттам Нью-Йорк же Чикаго шаарына ачылат", - деди Самидинов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.