Париж-2024: Эрлан Шеров кубалык күчтүү делген атаандашын жеңди
Бүгүн, 31-июлда Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдештер уланды.
Бүгүн татамиге кыргызстандык Эрлан Шеров дагы чыкты. Ал алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштап, анда Панамерика чемпиону болгон кубалык Иван Фелипе Силва Моралес менен кез келди.
Эки спортчу 5 жарым мүнөт беттеш алып барып, атаандашы үч жолу эскертүү алгандыктан калыстар жеңишти Эрлан Шеровго ыйгарды.
Жыйынтыгында Эрлан Шеров 90 килограмм салмакта Олимпиада оюндарынын 1/8 финалына чыкты. 1/8 финалда кыргыз спортчусу испаниялык дзюдочу менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.