super.kg logo
  Саясат  

Жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын санын көбөйтүү сунушталууда

 

26-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Шаирбек Ташиев жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын санын көбөйтүүнү сунуштап, мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарышкан.

Документте административдик-аймактык реформага байланыштуу Бишкек, Ош жана айылдык кеңештердеги мандаттардын санын аймактын тургундарынын санына жараша көбөйтүү керек экендиги жазылган.

Тактап айтканда:

Бишкек, Ош шаарларынын кеңештеринде:

- 500 миң киши жашаса - 45 депутат, андан ашык болсо - 51 депутат;

Шаардык жана айылдык кеңештерде:

- 6 миң киши жашаса - 11 депутат;

- 6001ден 20 миңге чейин - 21 депутат;

- 20 001ден 70 миңге чейин - 31 депутат;

- 70 001ден көп адам жашаса - 31 депутат болуусу керек.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоону талап кылбай тургандыгы, ошондой эле шаардык кеңештерде аял депутаттардын көбөйүшүнө алып келери жазылган.

Белгилей кетсек, 30-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров "Административдик-аймактык реформанын алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, жергиликтүү кеңештер таркатылып, аймактарда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт.

Ошондой эле мыйзамда жергиликтүү кеңештин депутаттары 5 жылга шайланары белгиленген. Буга чейин 4 жыл болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: