Сузак округунан депутаттыкка үч талапкер арыз берди
№13 Сузак бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
31-июлга карата БШКга арыз менен кайрылган талапкерлердин тизмеси:
1) Алтынбек Кылычбаев;
2) Санжарбек Энназаров;
3) Нурдин Эрматов.
№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 22-августта аяктайт. Ал эми шайлоо 22-сентябрда өтөт.
Белгилей кетсек, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланып келген депутат Тазабек Икрамов 19-июлда мандатын өз арызы менен тапшырган. Ошол эле күнү Боршайком анын арызын карап, мандатынан ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

