Париж Олимпиадасында камбэк кылган Мунарбек Сейитбек уулу билдирүү жасады (видео)
Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында бокс боюнча 57 килограмм салмакта чейрек финалга чыккан кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы жеңишинен кийин билдирүү жасады.
Ал бүгүн, 1-августка караган түнү 1/8 финалда кубалык мушкер менен беттешип, аны 3:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
"Ассалому алейкум, кыргыз элим. Аллах Таалам насип кылып, ушул беттешимди уттум. Эми дагы кийинки беттештерди утуп, Кыргызстанга чоң-чоң жеңиштерди алып баралы деген ниеттебиз", - деди Мунарбек Сейитбек уулу.
Чейрек финалда кыргыз мушкери америкалык Жамал Харви менен беттешет. Бул беттеш 4-августка караган түнү өтөт.
Мунарбек Сейитбек уулу билдирүү жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.