super.kg logo

БУУнун баш катчысы: Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп баратат

 

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш бардык тараптарды жана эл аралык коомчулукту Ливан менен Тегерандагы соңку кол салуулардан кийин аймактагы чыңалууну азайтуу үчүн аракет кылууга чакырды.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дюжарриктин айтымында, Гутерриш бул окуялар "коркунучтуу эскалация" экенин жана аракеттер Газада ок атышууну токтотууга, туткундарды бошотууга жана палестиналыктарга гуманитардык жардамды көбөйтүүгө, ошондой эле Ливан-Израил чек арасында тынчтыкты калыбына келтирүүгө багытталышы керектигин баса белгиледи.

БУУнун баш катчысы ошондой эле чыңалууну азайтуунун ордуна кырдаалды курчута турган аракеттер көрүлүп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ал белгилегендей, эл аралык коомчулук кырдаалдын курчушуна жол бербөө жана Жакынкы Чыгышта узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биригүүгө тийиш.

Шейшемби күнү кечинде израилдик аскерлер Бейруттун түштүк четинде "Хезболланын" лидерлеринин бири Фуад Шукрга сокку урду. Тель-Авив аны ишемби күнү болгон ракеталык чабуул үчүн айыптоодо. Израил басып алган Голан дөңсөөлөрүндөгү друздардын Маждал Шамс шаарында кол салууда 12 киши набыт болду.

Бир нече сааттан кийин Тегеранда ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания өлтүрүлгөн. ХАМАС жана Иран анын өлүмү үчүн Израилди айыпташкан, бирок Израил бийлиги бул окуяга алардын тиешеси бар экенин азырынча ырастай да, төгүндөй да элек. Хания Тегеранда Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын инаугурациясына катышып, анын конок үйүнө кол салуудан каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: