Жалал-Абадда сел каналы тазаланды
Жалал-Абад шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан Манас көчөсүндөгү сел каналынын 1 чакырымы тазаланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады."Каналдагы таштандылар шаар көркүн гана бузбастан, жаан-чачында көпүрөлөрдүн астына толуп, мындан улам сел каптоо коркунучу жаралат. Жергиликтүү бийлик шаар тургундарын жана конокторун айлана-чөйрөнү таза сактоого, арыктарга жана каналдарга таштанды таштабоого чакырат", - деп жазылат анда.
Ошондой эле аталган департамент тарабынан сел каналдары жыл сайын тазаланып турары айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















