Америкалык таксист 300 миң долларын унуткан кардарга акчасын кайтарып берди

Америкалык таксист унаасында унутулуп калган 300 миң долларды ээсине кайтарып берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, такси айдоочу Жерардо Гамбоа ири акчаны көргөндө дароо эле өзү иштеген жайдын диспетчерине табылга жөнүндө жарыялады. Ошентип, ал иштеген "Yellow Checker Star" компаниясы чындык үчүн ага сыйлык катары миң доллар берди жана кымбат ресторандардын биринде эки адамга тамактанууну төлөп берди. Ал эми унутчаак жүргүнчү таксистке жеке өз атынан сыйлык берүүгѳ сөз берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Ал эми ката оңдолду. Рахмат!