super.kg logo

Ошто Электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды (видео) 

 

Ошто Электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын туругуну арыз менен кайрылып, Электр энергия сатуу кызматы ишканасынын кызмат адамына чара көрүүнү өтүнгөн. Ал жоопкерчиликке тартам деп коркутуп, механикалык электр эсептегичти электрондук эсептегичке алмаштыруу үчүн 30 миң сом акча каражатын талап кылганын, буга чейин бир нече жолу эсептегичти алмаштырбаганы үчүн айып пулга деп акча алганын айткан.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Ыкчам тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө 31-июлда иш бөлмөсүндө 30 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан учурда Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматынын бөлүмүнүн башчысы, 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: