super.kg logo

77 жаштагы аксакал Оштон Астанага велосипед менен жөнөп кетти (фото)

 
Бүгүн, 1-августта Ош шаарынын борбордук аянтында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына жол алган 77 жаштагы Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштановду узатуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлады.
Узатууга Ош шаарынын мэриясынын, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, жакындары катышкан. Ага Ош шаарынын мэриясы акчалай жардам берген.
Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.
Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.
Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өткөрүлөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 21 спорттун түрү боюнча 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: