super.kg logo
  Саясат  

А.Сулайманов: "Республика" фракциясы өкмөт түзүмүнүн альтернативдик долбоорун даярдап жатат"

 
"Республика" фракциясынын лидери А.Сулайманов мындай маалыматты бүгүн билдирди. Ал: "Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев жаңы жылдан кийин өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштайм деп убада берген. Конструктивдүү оппозиция катары «Республика» фракциясы өкмөттүн кыскартылган, жакшыртылган жаңы түзүмүнүн долбоорун альтернатива катары даярдап, өкмөткө сунуштоого ниеттенүүдө. Аны түзүү үчүн бизде жакшы салмактанган укуктук жана экономикалык сунуштарды берчү адистер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен пикир алышабыз. Анын негизинде пайда болгон структура долбоорун фракция ноябрдагы жыйынында карагандан кийин жалпы коомчулуктун талкуусуна коёт. Коомчулуктун сунуш-пикирлерин билгенден кийин аны өкмөткө сунуш кылабыз",- деп баса белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: