super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Жаңы жылдык иш-чараларга 4 миллион сом жумшалат

 
Бишкекте Жаңы жылдык иш-чараларга 4 миллион сом жумшаларын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова билдирди. “Бишкекте 14-декабрдан баштап Жаңы жыл майрамдала баштайт. Ошол күнү өлкөнүн негизги балатысынын ачылышы болот. 19-декабрь күнү “Сейтек” театрында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган майрамдык программалар тартууланып, белектер берилет”,- деди вице-мэр Айгүл Усубакунова журналисттерге берген маалыматында. Ошондой эле мэрия жалпысынан балдар үйүнөн, реабилитациялык борборлордон 13 миңдей баланы Жаңы жылы менен куттуктап, белек тапшырары маалым болду.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: