Атамбаев "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер менен жолугушту
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев:"Кыргызстан менен Газпромдун ортосундагы кызматташтыкты ѳлкѳнүн экономикасынын ѳнүгүүсү жана энергетикалык кѳз карандысыздык үчүн ѳтѳ маанилүү"


КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев:"Кыргызстан менен Газпромдун ортосундагы кызматташтыкты ѳлкѳнүн экономикасынын ѳнүгүүсү жана энергетикалык кѳз карандысыздык үчүн ѳтѳ маанилүү"


ААК Газпромдун башчысы Алексей Миллер жана КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев
Кечээ, 25-декабрда КРнын президенти Алмазбек Атамбаев Москвада «Газпромдун» башчысы Алексей Миллер менен жолукту. Бул
тууралуу Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан
кабарлады.
Автор: Нургазы Аматов
Маалыматка ылайык, жолугушууда
Кыргызстандагы компаниянын иши боюнча маселелер, энергетикалык тармакка салына турган инвестициялар талкууланды.
Алексей Миллер "Газпромдун" инвестициялык программасы менен Кыргызстандагы
газ тармагынын ѳнүгүшү жөнүндө айтып берди.
«Буга чейин "Газпром" Кыргызстандын энергетикалык
тармагына 20 миллиард рублдун тегерегинде (655 миллион АКШ доллары) акча салуу тууралуу келишимге келгенбиз»,- деп компаниянын
башчысы эскерте кетти.
"Газпромдун" максаттарынын бири - Кыргызстанды газ көз
карандысыздыкка жетишүүдө колдоо. Ушуга жетиш үчүн компания инвестициялык
милдеттенмелердин чегинде Кыргызстандын аймагында жаратылыш газ кендерин изилдөөнү пландаштырып жатат. Мындан тышкары "Газпром" инвестициялык
программанын натыйжасында Кыргызстандын газ рыногунун өнүгүү перспективасын
жактырды.
«Биз Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөрүнөн болобуз»,- деп "Газпромдун" башчысы айтты.
КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен "Газпромдун" ортосундагы кызматташтыкты ѳлкѳнүн экономикасынын ѳнүгүүсү жана энергетикалык
кѳз карандысыздык үчүн өтө маанилүү деп белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

