super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов: "Парижден медаль алсам биринчи атама тагам” (видео)

 

"Олимпиадада медаль жеңсем, биринчи кезек атама тагам". Мындай пикирин кыргыз балбаны Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсү эл аралык федерациясына берген маегинде билдирген.

Ал маек учурунда Кыргызстанда спорттун күрөш түрү аябай өнүгүп жатканын билдирип, кыргыздын күрөшкө болгон кызыгуусу канында бар экендигин айткан. Ошондой эле келечек муунга бул спорттун түрүн татыктуу калтырыш үчүн аларга үлгү болуу керектигин кошумчалаган. Мындан тышкары күйөрмандардын дем-күчү алардын ийгилик жаратуусуна түрткү экендигин билдирген.

"Спортчу катары мен үчүн эң чоң байлык — Кыргызстанга алгачкы алтынды алып келип, кыргыз спортуна чоң жол ачып бергим келет. Париж Олимпиадасында алтын медаль тагынгым келип жатат. Жаш курагым боюнча күчкө толуп турган кезим деп ойлойм. Кыргыздар ушул куракты күчкө толуп турган жаш экенин айтышат. Азыр да кечинде уктаганы жатканда оюмдун баары ошол жакта. Ойлордон улам тынч да уктай албайм. Незиги масатым медаль утуп, эгер атам ошол жерде болсо, медалды атама тагуу», - деди ал.






Акжол Махмудов: "Парижден медаль алсам биринчи атама тагам”

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: