super.kg logo

Жапаров Чүйдө ишкерлер менен жолукту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунда ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анда Жапаровго суусундуктарды чыгаруучу заводдун, азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соода компаниясынын, жумуртка, айнек, бөтөлкө капкактарын, мал тоютун, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын жана финансылык кызмат көрсөткөн компания сыяктуу 12 ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу тааныштырылды.

Жапаров өзгөчө жарандарга жумуш орундарын түзүп, салык жана бажы төлөмдөрүн жүргүзүп жаткан ишкана жетекчилерине калктын аярлуу катмарына көрсөтүүчү мамлекеттик программалар менен биргеликте иштешүүгө чакырды.

"Ошондой эле Москва районунда жайгашкан “Ак-суу асыл тукум чарбасы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Тоок багып жумуртка өндүрүүгө багытталган ишканада 140га жакын адам жумуш оруну менен камсыз болгон. Өндүрүш кубаттуулугу бир суткада 150 миң даана жумуртка, жыл аягында 300 миң даана жумурткага чейин өндүрүү пландалууда" деп жазылат маалыматта.

Белгилейт кетсек, статистикалык маалыматтар боюнча 2024-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы өздүк өндүрүштүн эсебинен тоок жумуртка менен камсыздалышы 71,4 пайызды түздү, бул 2023-жылга салыштырмалуу 6,2 пайызга жогору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: