Бүгүн Ташкентте кыргыз-өзбек чек ара комиссияларынын жолугушуусу болот
Бүгүн, 26-декабрь Ташкентте кыргыз-өзбек чек ара комиссияларынын жолугушуусу болот. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы талаштуу чек ара тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери каралат. Бул туурасында КРнын Вице-премьер-министри Токон Мамытов кечээ, 25-декабрда билдирген.
Маалыматка караганда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы 320 чакырымга жакын чек ара тилкеси тактала элек.
Эске сала кетсек, быйыл жыл башынан бери 43 чек ара конфликти катталган. Алардын 37и Баткен облусунда, 5и Жалал-Абад облусунда, 1 чек ара конфликти Талас облусунда катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

