super.kg logo

Баткен эли жалгыз бой энеге үй куруп берди (сүрөт)

 
Баткен районунун Чоң-Талаа айылында турмуш шарты оор, үч балалуу жалгыз бой энеге элдин салымы менен үй курулду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлгүнүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, "Жакшылык чөйрөсү" коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан башталган демилге, бир жарым ай аралыгында бүткөрүлдү. Үч бөлмөлүү үй жашоо үчүн керектүү бардык шарттары менен курулган.
Турак үйдү ээлерине тапшыруу аземине президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Ички иштер министринин биринчи орун басары Нурбек Абдиев, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары катышты.
Облус башчысы бул саамалыкка салым кошкон ар бир жаранга ыраазычылык билдирип, көпчүлүктүн башын бириктирип, муктаждардын көйгөйүн жеңилдеткен "Жакшылык чөйрөсү" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Аида Заиновага Ардак грамота тапшырды.
Ал эми үй ээсине акчалай белегин берди. Ошондой эле аталган фонд тарабынан башталган экинчи үйдүн курулушуна өз салымын кошту.
"Ден соолугунан жабыркаган эне жолдошу каза болгон соң үч баласы менен турак жайы жок, турмуштун оор кырдаалына кабылган. Анын муктаждыгын жеңилдетүүнү колго алган фонд бир жарым ай аралыгында бир жарым миллион сом каражат топтогон. Жакшылыкка катардагы эл, жергиликтүү ишкерлер жана 1989-1998-жылы туулган облустун жигиттери өзгөчө салым кошкон. Үй ээси Күмүшай Назарованын баласы да алгач иштеп тапкан каражатын курулушка жумшаган", - деп айтылат маалыматта.
Үй куруу үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтү 12 сотых жер тилкесин бөлүп берген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: