super.kg logo
  Спорт  

Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында тарых жаратууга үмүттөнүп жатканын айтты (видео)

 

Дүйнөлүк күрөш уюму белгилүү кыргыз балбаны Айпери Медет кызы тууралуу даярдаган видеосун жарыялады.

Анда Айпери Токиодогу Олимпиадада жаш болгондуктан байгелүү орунду ала албай калганын, бул жолу алтын тагынып өлкө тарыхын жаратуучулардан болуу кыялы экенин айткан.

"Бул Олимпиадада алтын медаль тагынсак, Кыргызстан үчүн абдан чоң ийгилик жана тарых болот деп айта алам. Аткени азырынча биздин өлкөдө олимп оюндарынан алтын байге жок. Кыргызстандын тарых жараткан, тарых жазган кыздарынын бири болом деп үмүттөнөм", - деген ал.

Ошондой эле спортчу өлкөдө күрөш өнүгүп жатканын белгилеп, "Азыр биздин аркабыздан өсүп келе жаткан жаш кыздар аябай көп. Мурдагыга караганда эркин күрөш өлкөбүздө өнүктү десем болот" деп айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: