super.kg logo

MEGA Парижде өтүп жаткан  Олимпиада оюндарынын  катышуучуларын салтанаттуу түрдө тосуп алды

 

«Манас» эл аралык аэропортунда MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларынын алгачкы тобун салтанаттуу түрдө тосуп алды.

«Жыйынтыктарга карабастан өлкөбүздүн атынан чыккан спортчуларыбыз менен сыймыктанабыз. Алар чыныгы кайраттуулукту, туруктуулукту жана жеңишке болгон умтулууну көрсөтүштү. Жеңиш дайыма биз күткөндөй боло бербесе да, алар биз үчүн жеңүүчүлөр. Биз спортчуларыбызды колдойбуз, аларга ишенебиз жана келечектеги ийгиликтерди күтөбүз», − деп белгилей кетишти MEGA компаниясынын өкүлдөрү.

MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору Парижде өтүп жаткан 33-Жайкы Олимпиада оюндарын УТРК жана УTRK Спорт телеканалдарынан көрсөтүүнүн расмий демөөрчүсү болуп саналат.

Компания Франциядагы Кыргызстандын олимпиадалык делегациясын да акысыз байланыш менен камсыз кылды. MEGA эң маанилүү иш-чарада спортчулардын жана аларды коштоп жүргөн адамдардын ар дайым байланышта болуп туруусуна ыңгайлуу шарт түзүп бере алгандыгы менен сыймыктанат.

MEGA тарабынан Кыргызстанда артыкчылыктуу багыттардын бири болгон спортту колдоого жана жайылтууга өзгөчө басым жасалат, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, компания ар дайым ири турнирлердин, чемпионаттардын, таймаштардын жана эл аралык спорттук иш-чаралардын жүрүшүнөн түз алып көрсөтүп келет.

Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары уланууда. Спортчуларыбыздын таймаштарын смартфонуңуз аркылуу "УТРК" жана "УТРК Спорт" телеканалдарында жана MegaTV колдонмосунда көрүңүз!

Өз оюнчуларыбызды MEGA менен бирге колдойбуз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: