super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө жарым жылда канча мамлекеттик орган мыктылыгын көрсөттү? Өкмөт жыйынтык чыгарды

 

Бүгүн,2-августта Министрлер кабинети президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, 3төн аз балл алган мамлекеттик органдар киргизилген эмес.

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

- “эң жакшы” деген баа менен – 7 мамлекеттик орган (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 11 мамлекеттик орган “эң жакшы” деген баа алган);

- “жакшы” рейтинги менен – 7 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 8 мамлекеттик орган “жакшы” деген баа алган);

- "канааттандырарлык" деген баа менен - 3 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 4 мамлекеттик орган "канааттандырарлык" деген баа алган);

- “канааттандырарлык эмес” деген баа менен – 4 (2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча 2 мамлекеттик орган “канааттандырарлык эмес” деген баа алган).

Белгилей кетсек, Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасын киргизүү стратегиялык жана масштабдуу милдеттерди ишке ашырууда министрликтер менен ведомстволордун өз ара аракеттенүүсүн жана алардын жоопкерчилигин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Баалоонун кийинки этабы 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декабрь айында жүргүзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: