super.kg logo
  Саясат  

Эдил Байсалов Орусия мигранттар боюнча сунуштаган мыйзамга комментарий берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн X социалдык түйүнүндө Орусияда мигранттарга чектөөлөрдү киргизүү тууралуу сунушталып жаткан мыйзамдын кыргызстандыктарга таасир этпеши керектигин белгиледи.

"ЕАЭБдин негизги принциптерине ылайык, биздин жарандар эмгек рыногунда эркин жана тең укукка ээ. Эгер башкача чечмелөөлөр жана биздин жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөн барган мигранттарга теңештирүүлөр болсо, анда элибизге ЕАЭБге мүчө болуунун маанисин түшүндүрүү биз үчүн өтө оор болот", - деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Орусиянын Мамлекеттик Думасына медицина, билим берүү жаатында жана жеткизип берүү кызматтарында эмгектенген мигранттардын айлык акысы 100 миң рублдан ашса, иштөөгө бөгөт коюу боюнча сунуш киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: