"86 жаштагы Хаким Махмудов дагы бар". Кыргыз балбандары Парижге жетти (видео)
Күрөш боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Париж шаарына жетип, жайгашышты. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
Делегациянын курамында Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбековдун жеке машыктыруучулары Мейрамбек Ахмедов менен 86 жаштагы Хаким Махмудов дагы бар.
Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер 5-августта башталат. Бул күнү килемге кыргыз курамасынан Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова чыгышат.
Кыргыз балбандары Парижге жетишти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.