super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз боксунда тарых жараткан Мунарбек Сейитбек уулу деген ким?

 

Бүгүн, 3-августта Парижде өткөн Олимпиада оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу саат 00:00дө 57 килограмм салмакта Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашат. Ал буга чейин биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип чейрек финалга чыккан.

Кыргыз эли чоң үмүт артып турган мушкердин өмүр таржымалы, жетишкендиктери тууралуу сөз кылабыз.

Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында төрөлгөн. Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетин бүтүргөн. Спортко 2004-жылдан баштап аралаша баштап, 2016-жылы бокс боюнча улуттук кураманын мүчөсү болгон. Бою 178 сантиметр, салмагы 57 килограмм. Үй-бүлөлүк абалы бойдок. Жеке машыктыруусу Беганас Султанбаев.

Жетишкендиктери

Кыргызстандын 5 жолку чемпиону, 2023-жылы Ташкентте өткөн Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, Азия чемпиондугунда, Студенттер аралык Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. Париж олимпиадасына жолдомону июнь айында Таиландда өткөн лицензиялык мелдеште 3-орунду ээлеп камсыздаган.

Супер-Инфо гезитине берген маегинде мушкер "Париж Олимпиадасына барып кыргыз элинин намысын коргоп келүү – эң негизги максаттарымдын бири" деген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: