Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылы 27-июнда кабыл алынган.
Анда шайлоо ченемдерин өркүндөтүү, шайлоолордо инклюзивдүү норманы киргизүү, бийликтин өкүлчүлүктүү органдарында аялдардын көбүрөөк болушу жана шайлоо мыйзамдарын бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү каралган.
Ошондой эле саясий партияларга шайлоо босогосун 7 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүү каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

