super.kg logo
  Спорт  

Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу аны каралагандарга жооп берди

 

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу Беганаас Султанбаев социалдык тармактардагы сын-пикирлерге Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

"Мен жөнөкөй эле карапайым калктын ичинде жашаган машыктыруучумун.
Көп жылдардан бери көптөгөн чемпиондорду таптап өстүрүп, Кыргызстаныбыздын атын дүйнөгө таанытып келе жатам жана келечекте да ошол ишимди жан дилим менен аткарып кете берем.

Кечээ күндөн бери окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай тарап кетип, мен ушул күндү 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция, сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болду.

Эми мен Парижге баруу жөнүндө айтайын, баарыңыздар "барсын" деп жатасыздар, мен да баргым келди. Бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң. Виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен. Билесиздер, бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтөт.

Биз мурдагы жылы Ташкентте болуп өткөн Дүйнө чемпиондугунда бокс боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу 5 таймашуу өткөрүп, коло медаль утуп алганбыз. Ага байланыштуу мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров ошондой эле УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев биздин жеңишибизди куттукташып, окуучум Сейитбек уулу Мунарбекке Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирди белекке берип, мага да сыйлыктарын беришип бизге аябай чоң дем күч-кубат беришкен. Аларга терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Султанбаев.

Мындан тышкары ал аны каралагандар жөнүндө да пикирин жазган.

"Албетте, мындай Олимпиадаларга ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барышса жакшы болмок. Себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билет. Кайсы жерде, кандай мезгилде окуучусуна эмнелерди айтуусу керектигин да билет. Ошондой эле окуучусун бир көз караштан сезип, түшүнүп турат. Тилекке каршы, кээде өзүңдүн окуучуңдун таймашуусун телевизордон көрүп отурууга туура келет экен.

Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин.
Анан да мени менен сүйлөшпөй туруп, мени билип-билбей туруп мени каралаганга да өтүп кетишиптир. Аларга айтарым, Сейитбек уулу Мунарбек менин окуучум. 2004-жылдан бери машыктырып, ушул күнгө жетип келдик. Парижге кетип жатканда ак батамды берип узаткам.

Мени менен сүйлөшпөй туруп, мени жаман атты кылган адамдар силерге айтарым, Аллахым ыйман-ынсап берсин. Биздин Бокс федерациябыз да акыркы жылдары алгылыктуу иштерди жасоодо. Алар колдон келишинче мушкерлерге жардамын берип жатышат, аларга да ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазган Бегенас Султанбаев.

Эске салсак, мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париж Олимпиадасында жарым финалга чыкканда, анын жеке машыктыруучусунун кубанычтан ыйлаган видеосу социалдык тармактарга тарап кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: