super.kg logo

Израиль Ирандын чабуулуна даярданууда

 

Иран Израилге бүгүн, 5-августта сокку урушу мүмкүн. Бул тууралуу Axios агенттиги АКШ менен Израилдин расмий өкүлдөрүнө таянып жазып чыгышты.

Агенттик билдиргендей, 3-августта Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Майкл Курилла Жакынкы Чыгышка келген. Ал Израилди Ирандын потенциалдуу чабуулунан коргоо үчүн эл аралык жана аймактык коалицияны мобилизациялоого аракет көрөт.

Ошондой эле Axios булактары күтүлүп жаткан чабуул мурункудан чоңураак болушу мүмкүн экенин моюнуна алган. Анткени Иран бул жолу Ливандагы "Хезболла" кыймылын тартышы мүмкүн.

Айрым чет элдик басылмалар, Ирандын чабуулу 12-13-август күндөрү болорун жазып жатышат.

Буга чейин New York Times Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө жооп иретинде Израилге түз кол салууга буйрук бергенин жазып чыккан.

Эске салсак, 31-июлда ХАМАС кыймылынын лидерлеринин бири Исмаил Хания жана анын жансакчыларынын бири Тегерандагы резиденцияга болгон аткылоодон улам каза болушкан.

ХАМАС кыймылы Ханиянын өлүмү үчүн Израилди айыптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: