super.kg logo
  Спорт  

Мунарбек Сейитбек уулу: "Кыргызстанга алтын медаль алып барганга аракет кылам"

 

Кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккандан кийин Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын расмий маалымат каналына кыскача маек берип, таасирлери менен бөлүштү.

Анда ал атаандашын жеңүү оңой болбогонун айткан.

"Мыкты атаандаш болду, анткени ал дүйнө чемпиону. Ал дагы аракет кылды, бирок жеңиш биз тарапта болду", - деди спортчу.

Ошондой эле ал Олимпиада оюндарынан алтын байге алууга аракет кыларын билдирген.

"Биз жарым финалга чыктык, бирок муну менен токтоп калбастан бардык аракеттерди жасайбыз. Жарым финалда, финалда жеңишке жетип, Кыргызстанга алтын медаль алып барганга аракет кылабыз", - деген мушкер.

Белгилей кетсек, бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта катышкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган. Анда кубалык Орта Родригез менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда кыргыз мушкери 2021-жылы дүйнө чемпиону болгон америкалык Жамал Харви менен беттешип, аны дагы 3:2 эсебинде жеңди.

8-август күнү жарым финалда ал болгариялык Хавьеи Ибанез Диас менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: