super.kg logo

26 жыл ишенимдүү байланыш: Beeline өлкө боюнча өз тармагын өнүктүрүүнү улантууда

 
Beeline уюлдук оператору Кыргызстандын рыногунда 26 жылдан бери иштейт. Компания ишенимдүү түрдө алдыга жылып, аймактардагы камтууну кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу менен өзүнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда.

Жайдын башынан бери Beeline өлкөнүн ар кайсы аймактарында 500гө жакын базалык станцияларды орнотуп, жаңылады:

  • Кант шаары жана Озерное айылы менен кошо Бишкектин жана Чүй облусунун бир нече райондорунда;
  • Ош шаарында жана Ош облусунда, анын ичинде Арык-Тейит, Кызыл-Сарай, Ишкаван, Кожо-Арык, Буйга, Каратай жана Курбан-Кара айылдарында;
  • Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында, Шамалды-Сай шаар тибиндеги кыштагында жана Жалгыз-Жаңгак, Товар-Сай, Жерге-Тал, Кызыл-Туу, Жүзүмжан, Таштак, Ит-Агар, Ак-Дөбө, Жылгын, Топ-Жаңгак жанаЖаңы-Жол айылдарында;
  • Баткен облусундагы, анын ичинде Раззаков шаары жана Чыгыш штк, ошондой эле Көк-Таш, Орозбеков, Кон жана Жаңы-Бак айылдарында;
  • Ысык-Көл облусунун Сары-Ой жана Бостери айылдарында.

Аткарылган иштер байланыштын сапатын бир кыйла жакшыртууга жана камтууну кенейтүүгө мүмкүндүк берди. Кошумчалай кетсек, эң ылдам 4G интернети үчүн Ookla’дансыйлык алган Beeline мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстанда алдыңкы орундарды ээлеп келет. *

— 1-августта Beeline Кыргызстан уюлдук оператору 26 жашка толду», — деп белгиледи компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. — Бул жылдар аралыгында биз GSM түйүнүндөгү биринчи чалуудан баштап, эл аралык компанияга чейин узак жолду басып өттүк. Күн сайын биз өлкө жана коом үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө умтулабыз. Биз инновацияларды киргизебиз, технологияларды өнүктүрөбүз, уникалдуу чечимдерди иштеп чыгабыз жана кыргызстандыктарды заманбап жана ишенимдүү байланыш кызматтары менен камсыздоо менен түйүндү өнүктүрүүгө инвестициялоону улантабыз.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!

* 2024-жылдын биринчи жарымында Кыргызстандагы жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® анализинин негизинде. Ookla® Ookla® Товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксаттар менен кайра басылып чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: