super.kg logo
  Спорт  

Казак балбанынын Жоламан Шаршенбековго түшүп калышы: Казакстандык күйөрмандар кандай реакция жасашты?

 

Кечээ, 4-августта Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында бүгүн килемге чыга турган күрөш боюнча балбандар арасында чүчүкулак ташталды.

Анда кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековго коңшу казакстандык Айдос Султангали аттуу балбан алгачкы атаандаш болуп түштү. Чүчү кулактан кийин эле казакстандык күйөрмандар Айдос Султангалиде эч кандай мүмкүнчүлүк жок экенин айтышса, айрымдары жок эле дегенде коло медалдь үмүт кылып жатканын жашырышкан жок.

"Барып-барып Жоламанга түшүп калганын, эртең Жадраев дагы (ред. Демеу Жадраев) Акжолго түшүп калбаса экен";

"Айдосубуз коло медаль үчүн күрөшө берсе болот экен";

"Жоламанды утса, анда медаль бар деген сөз";

"Эки балбан финалда кезиксе өтө сонун болмок";

"Мыктысы жеңсин, спортто жеңиш менен жеңилиш катар жүрөт";

"Жоламан финалга чыгып, биздин Айдос колого күрөшөт. Ушундай божомолду күтө берели", - деп жазышууда казакстандык күйөрмандар.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Токио шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында дагы Жоламан Шаршенбеков чүчү кулактын жыйынтыгы менен алгач эле казак балбаны Мейрамбек Айнагулов менен күрөшкөн. Анда Жоламан 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: