super.kg logo

"Ал кыз". Олимпиадада талкууга алынган алжирлик мушкердин атасы кызынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөттү

 

Париж Олимпиадасында гендердик тесттен өтпөй калган алжирлик трансгендер боксчу Иман Хелифтин атасы кыз болуп төрөлгөнүн ырастаган спортчунун бала кездеги сүрөттөрүн жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Аны талкууга алып, жаман сөз айтуу адилетсиз. Иман 6 жашынан бери спортко жакын, 6 жашынан бери футбол ойноп келген. Бул сын жана ушак-айыңдар Иманды жок кылууга багытталган, алар анын Олимпиада чемпиону болушун каалашпайт", - деген мушкердин атасы.

Алжирдин Олимпиада комитети Иман Хелифти коргоо үчүн Эл аралык олимпиада комитетине арызданган. Ал арада спортчу жарым финалга өтүп, коло байге утууга мүмкүнчүлүк алды.

Эске сала кетсек, июль айынын аягында Эл аралык олимпиада комитети алжирлик мушкер Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ютингге Париждеги Олимпиада оюндарына аялдар арасындагы мелдешке катышууга уруксат берген. Алар биологиялык эркек экени, бирок өздөрүн аял деп эсептей турганы айтылды.

Иман Хелиф биринчи беттешинде италиялык Анжела Карини аттуу мушкер менен беттешкен. Беттеш учурунда италиялык мушкер башына 1, 2 кубаттуу сокку өткөрүп алгандан кийин беттешти улантуудан баш тарткан. Калыстар беттешти токтотуп, Иман Хелифти жеңүүчү кылып жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: