super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Олимпиадада медаль уткан казак спортчусуна аэропорттон эле Toyota беришти (видео)

 

Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча медаль уткан коңшу казакстандык Елдос Сметов менен Гусман Кыргызбаев бүгүн, 5-августта Казакстанга кайтып барышты.

Аларды Алматы аэропортунан жык-жыйма эл тосуп алган. Медаль уткан дзюдочу Гусман Кыргызбаевге аэропорттон эле жаңы үлгүдөгү Toyota Land Cruiser 250 үлгүсүндөгү унаа мингизишти. Кызыл бантикке оролгон унаанын өзү аэропорттун унаа токтотуучу жайында ээсин күтүп турган.

Казакстандык дзюдочу Елдос Сметов 60 килограмм салмакта Париж Олимпиадасында алтын медаль тагынды. Бул анын алтын алууга үчүнчү аракети болуп, акыры көздөгөнүнө жетти.

Ал эми Гусман Кыргызбаев 66 килограмм салмакта Олимпиада оюндарында коло байге уткан.






Медаль уткан казак спортчусуна аэропорттон эле унаа берилди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: