super.kg logo

"Баңгизатты кыздар аркылуу салдырып". УКМК Ошто баңгизатка каршы күрөшкөн майор менен лейтенантты кармады

 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМК билдирүүсүндө, алар баңгизаттарын жарандарга атайылап таштап, андан ары кылмыш жоопкерчилигине тартуудан баш тартуусу үчүн акча каражатын опузалап талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштургандарын айтты.

"Ош ОИИБинин айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатын атайлап салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз түрдө кармап, акча каражатын талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан.

1-август күнү Өзгөн районунун аймагында Ош ОИИБинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, тактап айтканда, милициянын улук ыкчам кызматкери, майор М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант Т.И.С. кармалды. Кармалган кызматкерлерди тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлдү", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайда. Бул факты боюнча тергөө иштери уланып жатканын УКМК кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: