super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан канча спортчу барары белгилүү болду

 

Казакстандын Астана шаарында өтө турган көчмөндөр оюнуна Кыргызстандан 268 спортчу барат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, алардын баары спорттун 29 түрүнө катышат. Бара турган спортчулардын кийимине, тамак-ашына, жол кире жана жаткан жерине мамлекет тарабынан акча бөлүнүп берилет.

Ошондой эле Токтоналиев спортчулар үчүн форманын эскизи иштелип чыкканын, толук маалымат кийин берилерин айтты.

Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: