Балдарды 1-класска электрондук каттоонун 2-этабы жүрүүдө
Балдарды 1-класска электрондук каттоонун 2-этабы 30-августка чейин жүрөт.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиргендей, каттоонун 2-этабы 3-июнда башталган. Анда каттоо катталган жерине карабастан бош орундары бар мектепке жүргүзүлөт.
Баланы каттоо үчүн ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү мектепке жана бала бакчага mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу өтүнмө жибере алышат.
Белгилей кетсек, 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун биринчи этабында 70 миң 16 бала катталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.