super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары жарым жыл ичинде 268 медаль утушту

 
Ушул жылдын 6 айында кыргыз спортчулары жалпы 268 медаль жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, спортчулар 78 алтын, 71 күмүш жана 119 коло медаль алышкан.
"Жарым жыл ичинде негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календардык планынын негизинде 84 спорттук массалык иш-чара өткөрүлдү. Алардын ичинен 8 эл аралык турнир, 64 спорттун түрлөрү боюнча өлкөнүн чемпиондугу жана кубоктору орун алды. Ал эм 29 миң 810 адамдын катышуусу менен 163 спорттук массалык (облустук, райондук, шаардык деңгээлде) иш-чаралар уюштурулду", - деп жазылат анда.
Өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү жарым жылда 131 спорттук массалык иш-чараларга (Дүйнө жана Азия чемпиондугу, Дүйнө жана Азия кубоктору, лицензиялык жана рейтингдик эл аралык турнирлер) катышты. Курама командалар үчүн 54 окуу-машыгуу жыйындары өтүп, анын ичинен 16сы эл аралык жыйындар болду.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: